Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу үн катты. Ал укук коргоо органдары сүйлөшүүгө чакырганын тастыктады. Бирок мага жана менин үй-бүлөмө зомбулук көргөзүлдү, алты саат сурак алды деген маалымат жалган деди.
“Мага байланыштуу иш кылмыш кодексинин 153-беренесине туура келбейт. Мыйзамга ылайык эки аял менен бир үйдө баш калкалаганга жана бир чарба жүргүзүүгө болбойт. Эгер ошондой болсо, анан аялдардын бирөө арыз жазса, ошондо гана жоопко тартылат. Менин окуя мтакыр башкача деди”,-диний ишмер.
Ошондой эле ал балдарынын апасы, мыйзамдуу жубайы Гульнур ооруп жатат деген маалыматты четке какты.
“Жубайымдын дени-карды соо. Негизи менин жашоомдо үч аял бар. Бирөө чоң апам Уруяткан, бирөө апам Гүлжамал, бирөө жубайым Гүлнур”-деди Чубак ажы Жалилов.
Экс-муфтий 6-декабрда аны колдогондор Ак үйдун алдына митингке чыгат экен деген маалыматка токтолуп, бул чагымчыл адамдар таратып жаткан маалымат. WhatsApp аркылуу тарап жаткан бул маалыматка менин эч кандай тиешем жок. Кыргыз элимди тынчтыка гана чакырам деди диний аалым.