• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Чудиновду кызматка дайындоо тууралуу буйрук жокко чыгарылды

14 Бугу 2024 16:50 Бишкек Govori.TV

Игорь Чудиновду “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйрук жокко чыгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Игорь Чудиновду “Курулуп жаткан электр станциялар” ААК дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйругун жокко чыгарды.

Ошону менен бирге, Энергетика министрине аталган чечимди кабыл алууда Мамлекет башчысына тийиштүү маалымат бербегендиги үчүн эскертүү берилди.

Энергетика министринин башка буйругу менен аталган ишкананын башкы адиси Равшанбек Касымов “Курулуп жаткан электр станциялар” ААК дирекциясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Теги:
Количество просмотров: 80