• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Чудинов кыргызча үйрөнбөптүр…

14 Бирдин айы 2018 12:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.02.2018. Govori.TV

Мурдагы премьер-министр, учурдагы депутат Игорь Чудинов кыргызча үйрөнбөптүр. Буга Govori.TVнын кабарчылары өзүбүз күбө болдук. Кечээ, КРнын Экономикалык өнүктүрүү министрлиги министр Артем Новиковдун кыргыз тилин үйрөнүүсү үчүн бюджеттен үч айга 36 миң сом каралып жатканын, министрди мурда Игорь Чудинов менен Олег Панкротовду окуткан тажрыйбалуу окутуучу окутарын билдирген эле.

Мындан улам биз депутаттын чөнтөк телефонуна чалып, “Саламатсызбы, Игорь Витальиевич…” деп сөз баштадык эле, бир топко мукактанып барып, кыргызча түшүнбөсүн, ким, эмне жөнүндө чалып жатканын сурады. Айла жок, суроолорубузду расмий тилде узаттык.

Ал “Да, я учился кыргызскому языку и сейчас продолжаю обучение. Но я делаю это для себя и на свои деньги. Никогда я не учил язык за счет государства. Я не понимаю почему Минэкономики привела меня как пример. И по большому счету как они могут вмешиваться в мою личную жизнь? Думаю за это они должны понести ответственность”,-деп ачуулуу жооп кайтарды.

Эске сала кетсек, бүгүн министр Артем Новиков Govori.TVга кыргызча үйрөнүү үчүн мамлекеттин каражатынан баш тартаарын да билдирди.

 

Количество просмотров: 35