Кыргызстанда 20-июлдан 25-июлга чейин өлкөдө аномалдуу ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, 20-25-июль күндөрү абанын күндүзгү температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 42 градуска, Чүйдө 41, Таласта 39, Ысык-Көлдүн ойдуңунда 34, Нарындын дыйканчылык аймактарында 29 градуска чейин жогорулайт.