• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Чукул кабар: күн катуу ысыйт

22 Теке 2022 9:41 Бишкек Govori.TV

Өлкө аймагында аномалдуу ысык жана кургак аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Гидрометеорология борбору кабарлады.

Абанын күндүзгү температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 42 градуска, Чүйдө 41, Таласта 39, Ысык-Көлдүн ойдуңунда 34, Нарында 35 градуска чейин жогорулайт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы учурунда организмди суусуздандыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Количество просмотров: 6773