• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Чукул кабар: Күн кескин сууктап, жамгыр жаайт

16 Баш оона 2021 10:50 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлүп, түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт тургандыгын эскертет.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 16-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. 16-августта чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

16-17-августтарда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 20…25°, тоо этектеринде түнкүсүн 3…8°, күндүз 14…19°,

Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 19…24°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 25…30°, тоо этектеринде түнкүсүн 8…13°, күндүз 21…26°,

Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 15…20°,

тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 4…9° жылуу болушу күтүлөт.

Количество просмотров: 5716