• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүк калыбына келтирилди

23 Теке 202117:21 Бишкек Govori.TV

Элдик жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүк калыбына келтирилди. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, ал Чынгыз Айтматовдун уулу – Аскар Айтматов менен бирге жазуучу жерге берилген Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып, гүлчамбар коюшуп, улуу жазуучуга жана 1916-жылдагы Үркүндө курман болгондорго багыштап куран окушкан.

«Түндүк бир нече сааттын ичинде калыбына келтирилген. Азыркы учурда ал боёлуп жатат. Түндүккө байланыштуу абал тез арада чечилгени жакшы»,-деп белгилеген Молдокматова.

Мындан мурда социалдык тармактарда жазуучунун сөөгү коюлган корүстөндүн түндүгү алынып, жерге ташталган деген маалымат чоң резонанс жараткан.

Количество просмотров: 231