• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түндүк – Түштүк унаа жолунда каттам ачылды

14 Бугу 202611:17 Бишкек Govori.TV

Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун 241,5-чакырымына тоодон түшкөн таш көчкү жана топурак толук тазаланды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жол ачылды.

«Учурда аталган тилке коопсуз абалда. Эки тараптуу унаа кыймылы калыбына келтирилди», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, күн мурун аталган жолго таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.

Количество просмотров: 119