• Ишенби 29 Кулжа 2024
  • Суббота 29 Июнь 2024

COVID-19 жуктурган милиционердин кесиптештеринен оору аныкталган жок

21 Чын куран 2020 12:50 Бишкек Govori.TV

Коронавирус жуктурган милиционердин кесиптештеринен оору аныкталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, коронавирус жуктурган милиция кызматкери менен чогуу иштеген бардык кызматкерлер тест тапшырган. Жыйынтыгында алардан оору аныкталган эмес. Оору аныкталган милиционер Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын Биринчи май району боюнча күзөт бөлүмүндө иштеп жаткан.

«Учурда ал Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында. Абалы канааттандырарлык, дене табы көтөрүлгөн жок», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин өкмөт үйүндөгү брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратын күзөткөн милиция кызматкеринен коронавирус аныкталганын билдирген болчу.

Количество просмотров: 103