• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бир жума ичинде СOVID-19дун 3 учуру катталды

13 Кулжа 20239:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы жумада СOVID-19 инфекциясынын 3 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

“Тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1%дан аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эпидемиология башталгандан бери өлкөдө COVID-19 инфекциясынын 206 миң 897 учуру катталды.

Количество просмотров: 133