• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Аянтка башка желек илинди. Матраимовдун тосмосу буздурулду

8 Үчтүн айы 2024 17:59 Бишкек Govori.TV

АЯНТТАГЫ ТУУ КАЙРА АЛМАШТЫ

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 1-январда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында макулдашылбаган туу илингенин ырастады.

Мындан тышкары Касмамбетов туу көтөрүү аземине эмне үчүн президент катышпагандыгынын себебин түшүндүрдү.

Кошумчалай кетсек, 8-январда Бишкектин Ала-Тоо аянтына илинген туу кайрадан алмаштырылып, бул жолу Жогорку Кеңеш кабыл алган желек илинди.

Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, парламенттин депутаттары менен өкмөт мүчөлөрү катышты.

Буга чейин 1-январда Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына жаңы туу илинген. Бирок ал Жогорку Кеңештин депутаттары өзгөртүүлөрдү киргизип, кабыл алган желектен айырмаланган. Анда күндүн кырк нуру түндүккө бириктирилген.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Орунбеков Министрлер кабинети туунун акыркы вариантын толуктап, токтом менен бекиткенин билдирген.

МИНИСТР ВАКЦИНА АЛУУГА ЧАКЫРДЫ

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарды коронавируска каршы вакцина алууга чакырды.

Бейшеналиев Кыргызстанда абал туруктуу экенин, бирок ДССУ көпчүлүк өлкөлөрдө коронавирус менен ооругандар көбөйгөндүктөн бет кап тагынууга, эмделүүгө үндөп жатканын эске салды.

Министр өзү дагы бир ирет эмдөөдөн өтүп, Sinovac препаратын алган.

«Мен да бүгүн эмдөө алдым жана бардык кыргызстандыктарды эмдөө алууга чакырам. Биз бардыгыбыз вакцина менен алдын ала турган оорулар менен, анын ичинде COVID-19 менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири эмдөө экенин түшүнүшүбүз керек. Эмдөө оорулардан коргой алат жана вирусту жуктуруп алуу коркунучун бир топ азайтат», — деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, республикада COVID-19 илдетине жумалык мониторинг улантылууда. Ага ылайык, жумасына 2ден 6га чейин учур катталып, эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда. Курч респиратордук оорулар менен ооруканага жаткырылган бейтаптардын ичинен көрсөткүчтөр боюнча COVID-19га анализдер тандалып алынат, лабораториялык жыйынтыктар боюнча 1 жуманын ичинде 1 тастыкталган учур катталган (Ош ш.).

 Ошондой эле, COVID-19га шектелген учурда ПЦР изилдөөгө анализ алынат. Учурда баардык облустук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөл борборлорунда ПЦР лабораториялары иштеп, тесттик системалар менен камсыздалган.

МАТРАИМОВДУН ҮЙҮНҮН ТОСМОСУ БУЗУЛДУ

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үйүнүн тосмосу буздурулууда. Маалыматты Ош мэрияснын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, бүгүн Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Матраимовдун Оштогу Супаналиев көчөсүндөгү үйүнүн тосмосун бузуп жатат.

Буга чейин эркин журналист Ыдырыс Исаков Матраимовдун үйүнүн короосу муниципалдык жерге кирип кеткени тууралуу видео жарыялаган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган.

ШАХТАДА КАЛГАНДАР КУТКАРЫЛДЫ

Сүлүктү шаарындагы «Южный 3» шахтасында урандынын астында калган 2 жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кырсык тууралуу маалымат шахтанын кызматкерлери тарабынан 7-январда саат 19:49да түшкөн. Ыкчам түрдө Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Сүлүктү шаарындагы №1 өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунан алгач 8, андан кийин 10, жалпысынан 18 куткаруучу тартылган.

«Куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгы жана ыкчам аракети менен кырсык катталган убакыттан жарым саат өтпөй 1992-жылы туулган И.Х.ны, андан кийин дагы жарым саат аралыгында 1976-жылы туулган И.М аттуу жарандар аман-эсен куткарып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен»,-деп жазылат маалыматта.

Белгиленгендей, издеп-куткаруу иштери көмүр шахтанын 140 метр тереңдигинде жүргүзүлгөн.

Количество просмотров: 252