• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Дүкөндөр тонолду. Алматыда бүгүнкүгө карата кырдаал кандай?

6 Үчтүн айы 2022 12:18 Бишкек Govori.TV

Алматыда ызы-чуу токтоп, көчөлөрдө митингге чыккандар көрүнбөйт. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Кабарчы жеринен билдиргендей, дүкөндөрдүн дээрлик баары тонолуп, терезелер талкаланып, жол чырактар түбү менен кулатылган.

Ошондой эле Улуттук банктын маалымат катчысы Олжас Рамазанов Казакстандагы бардык финансы мекемелери ишин токтотконун маалымдады.

Белгилей кетсек, 6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады. Андан соң уюмга мүчө-өлкөлөр тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алды.

Количество просмотров: 1051