• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дарига Назарбаева уулунун өлүмү тууралуу кайрылуу жасады

17 Баш оона 202010:45 Бишкек Govori.TV

Казакстандын туңгуч президентинин кызы Дарига Назарбаева уулунан айрылганын ачыктап, кайрылуу жасады. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.

«Биздин үй бүлө Айсултаныбыздан ажырап калганыбызга күйүп турат. Ушундай оор учурда коомчулук абалыбызды түшүнүү менен кабыл алат деп үмүттөнөм», — деп билдирген ал.

Эске салсак, Айсултан Назарбаев 16-август күнү каза болгон. Алдын ала маалымат боюнча маркумдун жүрөгү токтоп калган. Ал эми Назарбаева өлүмдүн себеби тууралуу үн каткан эмес.

Количество просмотров: 20082