• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Дастан Жумабеков «Кыргызстан» партиясынын төрагалыгынан баш тартты

22 Аяк оона 2019 13:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргызстан саясий партиясынын VI съезди өттү. Съездге «Кыргызстан» фракциясынын депутаттары жана партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана 1175 делегат  катышты.

Курултайда партиянын төрагасын шайлоо, саясий кеңештин курамына өзгөртүү киргизүү жана партиянын лидеринин отчётун угуу сыяктуу маселелер каралды.

Жыйындын алкагында Дастан Жумабеков аталган партияга лидер болуудан баш тартты.

Мага буга чейин «Кыргызстан» партиясынын лидери болуу боюнча сунуш келип түштү. Сунуш үчүн рахмат. Бирок мен өз ыктыярым менен партияга лидер болуудан баш тартам»,-деди Жумабеков.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Баатырбеков лидерликтен талапкерлигин ыктыярдуу түрдө аларын билдирип, партия өкүлдөрү кайрадан төрт жылга лидер кылып Канатбек Исаевди шайлашты.



Количество просмотров: 834