• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Дем алышта 20 өрт кырсыгы катталды

2 Тогуздун айы 2023 9:49 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дем алышта 20 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунда 6, Чүй облусунда 4, Ош шаары 3, Жалал-Абад облусу 2, Бишкек шаары 1, Баткен облусунда 1,Ысык-Көл облусу 1, Талас облусу 1, Нарын облусунда 1 өрт кысыгы катталып, аларды өчүрүүгө 21 бөлүм тартылган.

Алсак, Ош шаарынын Дача тилкесиндеги Верхне-Нагорная көчөсүндө жыгач устундуу тыныке менен жабылган эки кабаттуу турак үйдүн 70 чарчы метр ички жасалгасы жана тиричилик буюмдар толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Сокулук районундагы Күн-Туу айылында жол жээкте “Volkswagen” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Алай районунун Гүлчө айылында чарайда 1 тонна чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 41