• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Демонстранттар Алматы шаарындагы акимчиликке кирип барды

5 Үчтүн айы 2022 16:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-январда түштөн кийин демонстранттар Казакстандын Алматы шаарындагы акимчиликке кирип барды. Бул тууралуу бир катар казакстандык «Телеграм» каналдар жазып чыкты.

Буга чейин үч миң чамалуу киши желим союлдар менен полициянын катарын бузуп өтүүгө аракет кылганы кабарланган. Бир жарым миң чамалуу полиция кызматкери аларды токтотууга аракет кылып, көздөн жаш агызчу газ колдонду.

5-январда күндүз демонстранттар Алматынын борбордук бөлүгүнө топтоло баштаган. Алар 4-январда “полициянын автоунаасы тебелеп, бир киши каза болгонун” айтып, анын сөөгүн берүүнү талап кылышкан.

2-январда Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы башталган акция өлкөнүн башка аймактарына да тарады. 5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашты. Өлкөдө интернет чектелгени кабарланды.

Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда өзгөчө абал жарыяланды. Алматыга 19-январга чейин комменданттык саат киргизилди. 5-январда президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, тийиштүү жарлык Акорданын сайтына жарыяланды.

Количество просмотров: 191