Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов жаңы жумушка чыгып жаткан таксисттерден патент талап кылынып жатканы тууралуу сын пикирин айтты.
«Эки ай элдер жумуш кылбай олтурду, андан соң уруксат бердиңиздер. Ошол эле таксистке, чач тарачына… Чыккан күнү патент талап кылды да. 2 ай жумушу жок олтурду, ал машинасына 5 литр бензин алганга акчасы жок. 5 литр бензин куюп жумушун улап кетейин деп, эптеп чыккан кишини 1200 төлө, болбосо чыкпайсың деген болбойт да. Сизге башка маалымат берип, иш жүзүндө башка нерсе болуп жатат», — деди депутат.