• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Депутат Алишер Козуев ЖК комитет төрагасынын орун басары болду

21 Жетинин айы 20248:55 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйынында Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо тууралуу маселе каралды.

Бул кызматка депутат Алишер Козуевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында депутат Алишер Козуев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Анын талапкерлигин 70 депутат колдошту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Количество просмотров: 102