Бүгүн, Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору каралды.
Анын жүрүшүндө «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашева Саламаттык сактоо министрине: «Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча 2017-2018-жылдарга канча акча каражаты каралган?», — деген суроо узатты.
Министр Талантбек Батыралиев бул суроого так жооп бере албасын, жазуу жүзүндө жооп берээрин айтты. Мындай жоопко эл өкүлү нааразылыгын билдирди.