• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Депутат: Мен өмүрүмдө эч кимге «пахта» койгон эмесмин

8 Кулжа 2022 14:20 Бишкек Govori.TV

Мен өмүрүмдө эч кимге «пахта» койгон эмесмин. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.

Депутат Коргонбай уулунун айтымында өлкөдөгү бийлик өкүлдөрүнүн жакшы иштерин да айта жүрүү керек.

«Мен асмандан алып сүйлөгөнүм жок, факты менен айттым. Чынында эле бюджеттен акча албай өз карамагындагы УКМКнын имараттарын ачып жатканы калппы? Кишинин да жакшы жактарын көрүү керек, ошондой эле президенттин да, премьер-министрлердин да, деги эле жалпы министрлердин кылып жаткан жакшы иштери бар, ошону көрө билүү керек. Адамдын терс эле жагын карап тура бербей… Мен өмүрүмдө эч кимге пахта койгон эмесмин. Биринчи жолу бир адамдын жакшы жактырын айтып, калыс ой айткыла деп койсом, «пахта койдуң» дешти эле, мен да юмор менен жооп бердим», — деди депутат.

Количество просмотров: 4290