• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат Сулайманов Абылгазиевге «Эки-үч жылда бышпаган эми бышмак белеңер»

24 Чын куран 201915:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.04.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов премьер-министр Абылгазиевден уктаган атка минерлерди тез арада кызматтан алууну талап кылды.

Эгерде прьемер-министр жакын арада бул маселени чечпесе, анда Конституциядагы укукту пайдаланып, депутаттар өздөрү чечип берерин айтты.

“Президент сүйлөп жатса уктап жатышат. Эч нерсе чечпеген жыйында уктап жаткан губернаторлоруңуздун эмнеге кереги бар?”-деди депутат.

Алтынбек Сулейманов сөзүн улай маселе чечпеген губернаторлордун кимге кереги бар экендигин кошумчалады. Ал эми өкмөт башчы «бышып келе жатабыз» — десе, депутат «эки-үч жылда бышпаган эми бышмак белеңер» — деп сындады.

Количество просмотров: 61