• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутат Төрөкулов: Саймаити менен жеке байланышым бар болчу

21 Жетинин айы 2019 15:26 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаити менен 15 жылдан бери тааныш болгонун жана аны менен Түркияда жолукканын “Азаттык” жазды.

Аны менен ишкерлик байланышым болгон эмес. Бирок жеке байланышым бар болчу. Ош, Кара-Суу кичинекей эле аймак да. Ал жерде баары тең бири-бирин тааныйт. Айэркен Саймаити чуу жараткан жигит. Анын аты миллиондогон акча боюнча айтылып жатат. Ал иши жүрүшкөн уйгур тектүү соодагерлердин бири болгон. Аны көп киши таанычу, көбү менен мамилеси бар болчу, — деп билдирген Төрөкулов.

Эске салсак, ишкер Айеркен Саймаити Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин короосунда отурган жеринен атып өлтүрүлгөн.

Количество просмотров: 203