Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелери боюнча комитети мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап жаткан учурда депутат Дастан Жумабеков бул маселе боюнча референдум өткөрүү керектигин сунуштады.
Анын айтымында, желекти өзгөртүү Кыргызстандагы ар бир адамга тиешелүү.
«Тарыхта эң чоң өзгөртүү болуп жатат. Желекти өзгөртүү 7 миллион элдин жүрөгүнөн өтө турган маселе. Жети өлчөп бир кесели»,-деди Жумабеков.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин сайтына мамлекеттик символдор жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлган.
Анын авторлору – парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов.
Бул демилге коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда.