Бүгүн, 16-январда депутат Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңешке келди. Ал азыркы тапта Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет жыйынына катышып жатканын көрүүгө болот.
Эске салсак, 10-январда парламент депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ага «чек арадан мыйзамсыз өткөн» деген айып коюлган.
9-январда комиссия жабык жыйынында Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ал эми депутат Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп качып кеткени маалымдалган.
Соцтармакта «депутаттын качып кетип жаткан учуру» деген видео тараган.
Кийин ал УКМКга суракка барганы маалымдалган.