Соңку күндөрү Бишкек шаарындагы абанын булганышы боюнча маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутат Исхак Масалиев парламент бул маселени былтыр кеңири талкуулап, тиешелүү чечимдерди кабыл алганын, ага карабай ыш маселеси азайбай, курчуп жатканын белгиледи.
Дагы бир депутат Элдар Абакиров да ыш маселесин көтөрүп, жагылган көмүрлөрдүн сапаты боюнча иш алып барууну сунуштады.
Эске салсак, World Air Quality уюмунун иликтөөсүндө 24-декабрда Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты.