• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Депутаттар көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүүнү сунушташты

8 Бирдин айы 2023 11:28 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 8-февралдагы жыйыны Түркия менен Сирияда миңдеген адамдын өмүрүн алган апаатка байланыштуу бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Анда айрым депутаттар бул мамлекеттерде катуу жер титирөөдө кыйраган имарат, турак жайлардан улам Кыргызстанда кийин курулган көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүүнү сунуштап чыгышты.

«Ош менен Бишкекте жамгырдан кийинки козу карындай болуп бир топ кабатуу үйлөр көп курулду. Уруксат берилген дагы, берилбеген дагы жерге курулду. Алардын сапаты кандай, коопсуздук талаптарына жооп береби? Эгер жер титирөө болсо канча баллга туруштук берет? Ушунун баарын иликтеш үчүн чукул арада өкмөттүн өкүлдөрү эле эмес, адистерден дагы турган топ түзүп ар бир үйдү текшерип, корутунду чыгарып бериши керек», — деди депутат Медер Алиев

Ал эми депутат Марлен Маматалиев үйлөрдүн сапатын текшерүүнү буга чейин түзүлгөн депутаттык комиссияга берүү тууралуу демилге көтөрүлдү.

«Бүгүнкү күндө Түркиядан үйрөнүп келген каркас ыкмасы менен Түштүк магистралда кичи райондорду куруп келе жатабыз. Мен бир ирээт архитектурадан «технологиясы барбы» деп сурасам «арматураларды эле көбөйтүк койдук» дешкен эле. Ошол арматуралар көбөйгөнүн ким текшерди, долбоорун ким бекитип берди, туура болдубу же жокпу? Биз мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу атайын депутаттык комиссия түзгөнбүз. Алар үйлөр мыйзамдуу, мыйзамсыз курулганын эле караган. Ошол комиссия жаңы курулган үйлөрдүн сейсмологиялык жактан сапатын дагы карап берсин», — деп билдирди депутат.

Количество просмотров: 949