• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ЖК жарандарды уруксатсыз тыңшоого жол ачкан мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алды

2 Жалган куран 2022 21:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Министрлер кабинети демилгечи болгон “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө”, “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери”, “Контрчалгындоо”, “Тышкы чалгындоо”, “Терроризмге каршы аракеттенүү” жөнүндө беш мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Эске салсак, аталган мыйзам долбоорлору 8-февралда парламенттин тармактык комитетинин кароосуна киргизилген. Атайын кызматтын ишин жөнгө салган мыйзам долбоору комитетте кызуу талкуу жаратып, депутаттар сунушталган айрым өзгөртүүлөргө кооптонуусун билдиришти.

 Депутат Адахан Мадумаровдун айтымында, атайын кызматка жарандарды прокуратуранын уруксатысыз тыңшоо жана тасмага тартуу укугунун берилиши өзгөчө кооптонууну жаратат.

“Азыркы Конституциянын 29-беренесинин 1-2-бөлүктөрүнө ылайык ар бир адамга жеке турмушунун кол тийбестиги кепилденет деп жазылган. Эгер мыйзамдар Баш мыйзамга каршы келсе, Баш мыйзам түз иштейт. Сиздердин мыйзам долбоордо биз жашыруун сүрөткө тартып, жазып алабыз, керек болсо башка ишке дагы бара алабыз деп жазылып турат. Андай болбойт”, — деген депутат.

Ал эми УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков депутаттын сынына макул болгон жок. Ал сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда тыңшоо, жашыруун тасмага тартуу соттун уруксаты менен ишке ашары жазылганын айткан.

Количество просмотров: 293