• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутаттар Казакстанга аскерлерди жөнөтүү маселесин жабык карамай болду

7 Үчтүн айы 2022 12:04 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны жабык эшик артында уланмай болду. Бул тууралуу чечим жыйынга катышып жаткан депутаттардын көрчүлүгүнүн макул болуусу менен кабыл алынды.

Буга чейин жыйын учурунда Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жабык кароо сунуш келтирип, аны бир нече депутат колдоду.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 7-январда кезексиз жыйынга чогулуп, коңшу Казакстандагы кырдаалды, анын ичинде Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселесин талкуулап жатышат, каттоодон 53 эл өкүлү өткөнү кабарлаган.

Жыйында маалымат берген УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Казакстанга 150 аскер кызматкерин, 8 даана бронетехника, 11 автотехника жөнөтүүнү көздөп жатышканын айткан.

Ошондой эле Ташиевдин айтымында ЖККУнун башка өлкөлөрү:

  • Армения — 100-300гө аскер,
  • Россия — 1400 аскер,
  • Беларусь — 300 аскер,
  • Тажикстан — 100-200гө чейин аскер кызматкерин жөнөтөт.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казак өкмөтү отставкага кетип, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди. Өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланды.

Токаев жардам сурап ЖККУга кайрылды, уюм бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү чечимин кабыл алды.

6-январга карата Казакстандын аскер кызматкерлеринин арасында курмандыктар жана талап-тоноолор катталды.

Количество просмотров: 143