• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Депутаттар «Курултай тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды

8 Кулжа 2023 15:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында президент тарабынан демилгеленген «Элдик Курултай жөнүндөгү» конституциялык мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоору тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.

Конституциялык мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашырууга багытталган. Аны кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун төрагасы, депутат Жанарбек Акаев аткарылган иштер боюнча маалымат берип, беренелердин саны 22ден 15ке чейин кыскартылганын кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Улугбек Ормонов Элдик Курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн кыскартууга каршы чыкты. Ал эми депутат Нурбек Сыдыгалиев тармактык комитеттин жүрүшүндө делегаттар Элдик Курултайдын жалпы чогулушунун мөөнөтүнө шайланат деген чечим кабыл алынганын эске салды.

Муну менен катар эл өкүлү Элвира Сурабалдиева Элдик Курултайга 700 делегат шайланары тууралуу сөз кылып, гендердик маселелерге токтолду.

Количество просмотров: 73