• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Апта: Депутаттардын жоруктары

18 Үчтүн айы 2019 18:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.01.2019. Govori.TV

Жыл башындагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны бир катар жаңжалдуу маселелер менен башталды. Жуманын башында эки эл өкүлдөрү Өмүрбек Бакиров менен Кубанычбек Нурматов мушташып кетти деген маалымат тараган. Бирок, бул маалыматты Кубанычбек Нурматов төгүндөгөн.

Жогорку Кеңеште кийинүү талабын сактабагандыгы үчүн Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысов тил уккан.

Бул жайгай социалдык тармактарда катуу сынга алынган соң, вице-спикер аталган мекеменин кызматкеринен кечирим сурады.

Ал эми депутат Алмаз Токторов үн каткан жок. Коомдо анын парламенттен кетуусун талап кылгандар да чыкты.

Кытай миграциясы тууралуу маселе өлкөдө катуу талкуу жаратып,  эл митингке чыкты. Жогорку Кеңеште эл өкүлдөрү бул тууралуу түрдүү пикирлерин билдиришти.

Жогорку Кеңештеги дагы бир тартыш маселени түкүрүккө салынган айыппул жаратты. Эл өкүлдөрүнүн айрымдары бул туура чечим экенин айтышса, кээ бири бул аша чапкандык деп эсептешет.

Аяктап бараткан аптада 15 кун эс алып келген депутаттар өтүп бараткан жуманы кызытты.

Количество просмотров: 28