• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кепшн видео: Жаңы депутаттар кайсы жоруктары менен элге таанылды?

13 Кулжа 2022 18:05 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттары 1-июлдан тарта каникулга чыгат. Бул чакырылыш 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодон кийин келген.

Иштөө убактысы жарым жылга чукулдаган жаңы депутаттар эмнеси менен элге таанылганын тизмектейбиз.

Ноокат шайлоо округунан шайланып келген депутат Жусупбек Коргонбай алгачкы жыйында эле Ак үйдөгү даарат кагазы темасын көтөрүп белгилүү болду.

Ал эми «Ынтымак» фракциясынан депутат Эрулан Кокуловдун жүрүм-туруму сынга калды.

«Бүтүн Кыргызстандын» тизмеси менен депутат болуп келген Айгүл Айдарова машинесин тоскон милиция менен чырдашып көпчүлүккө таанылды.

Нарын шайлоо округунан шайланган Улан Бакасов кесиптеши Адахан Мадумаровдун дарегине айтчу сын-пикирин кагаздан окуп эл оозуна алынды.

Эл өкүлү Русланбек Жакышов болсо Төрөбаевдин талапкерлигин мактап, өзгөчөлөндү. 7-чакырылыш мактаган жагынан 6-чакырылыштан ашып түштү.

Депутат Аида Исатбек кызы ЖКда олуттуу сунуштары менен айырмаланган жок. Бирок TikTok аркылуу жумурай-журтка атагы чыкты.

Надира Нарматованын айылдагы ашыкча мечиттерди бала бакчага айлантуу сунушу талкууга жем таштаган.

Көп узабай депутат айымдын журналист менен кайым айтышканы чуу жаратты.

Количество просмотров: 2503