Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Кутманова Динара ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Кутманова Динара Асиевна ээлеген кызматынан бошотулду.
Эске салсак, Кутманова аталган кызматка 2021-жылдын 5-майында дайындалган.