Ысык-Ата районундагы №49 кесиптик лицейинин директорунун орун басары К.А. билим берүү мекемесин аяктагандыгы тууралуу дипломдорду мыйзамсыз берип келген. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
2023-жылдын сентябрь айында лицейдин директорунун орун басары болуп туруп, мурда иштеген кызматкердин кол тамгасын жасалмалап, 10 айлык окуу мөөнөтүн бүтүрбөгөн жаран С.Нга лицейди аяктагандыгы тууралуу диплом бергендиги аныкталган.
Аталган факты Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө анын дагы ушул сыяктуу 39 кызматтык мыйзам бузууларга катыштыгы бар экендиги аныкталган.
Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө амалдары жүрүүдө.