• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиев октябрда беттешет

27 Аяк оона 202411:01 Бишкек Govori.TV

12-октябрда Сауд Арабияда профессионалдык бокс мелдеши өтөт. Эң кызыктуу беттеш катары Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиевдин ортосунда жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнөнүн чемпиону наамы үчүн көптөн күткөн кармаш болот.

25-сентябрда Бивол менен Бетербиев Лондондо биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөштү.

«Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамы үчүн мен эң күчтүү жеңил салмактагы мушкерлер менен мушташканды каалагам. Менин максаттарымдын бири, атым бокс тарыхында калсын деп койдум. Урматтуу Турки Аль Аш-Шейх ушундай мелдешке мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн анан албетте, беттешүүгө макул болгону үчүн Артур Бетербиевге ыраазымын», — деди Бивол.

Бетербиев жарааттан толук айыгып, кармашка даяр экендигин билдирди.

«Биринчиден, бул күрөштү уюштурган Турки Аль аш-Шейхке, менин командама, Top Rankке, атаандашыма жана анын командасына жана промоутерлерге ыраазычылык билдиргим келет. Бул 3 кур профессионалдык бокстун туу чокусу. Ал эми үч курума, төртүнчү курду кошкум келет. Ар бир атаандаш уникалдуу, бирок биз бул беттешке бир катар сценарийлерди даярдадык. Биз баарына даярбыз», — деди Бетербиев.

Дмитрий Бивол Кыргызстанда туулган. Ал тез эле 17 жашка чейинкилер категориясында дүйнөдөгү эң көп медаль алган мушкер болуп калды. Профессионалдык карьерасын 2014-жылы уругвайлык Хорхе Родригес Оливейра менен беттешүүдөн баштаган. 2016-жылдын май айында ал WBA версиясы боюнча жеңил салмактагы убактылуу дүйнө чемпиону наамын алса, 2017-жылдын ноябрында Бивол титулдун толук кандуу ээси болгон.

Артур Бетербиев Чеченстанда туулган. Бетербиев ышкыбоздук карьерасында 300дөн ашык беттеш өткөргөн. 2007-жылы Орусиянын жарым оор салмактагы чемпиону болгон. 2012-жылы Лондон олимпиадасынын чейрек финалына чыгып, Александр Усиктен жеңилип калган. Ошондон кийин ал профессионалдык бокска чыгып, бир да жолу жеңилген эмес.

Количество просмотров: 186