• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Екатерина Бивол мурунку кайнатасы ага кол көтөргөнүн айтты

5 Жетинин айы 202511:39 Бишкек Govori.TV

Мушкер Дмитрий Биволдун мурунку аялы Екатерина спортчунун атасы Юрий ага кол көтөргөнүн билдирди.

Мушкердин мурунку аялы экс-кайнатасы Юрий күтүүсүздөн небереси Никондун машыгуусуна келип калганын айткан. Ал анын келишине каршы болгон, камерасын күйгүзгөндөн кийин анын телефону жерге кулап түшкөн. Жаздырууда кыйкырыктардын үнү угулган.

Кийинчерээк Екатерина мурдуна сокку жегенин, полиция чакыртылганын айткан.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту Екатерина Биволду камакка алуу тууралуу сыртынан чечим чыгарган. Буга анын 21-октябрда социалдык тармактардагы баракчасына жүктөгөн видеосу негиз болгон. Видеодо ал кыргыз жана казак калкын кемсинткен сөздөрдү айткан.

Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматы аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен кылмыш ишин козгогон. Бул беренеге ылайык, беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Количество просмотров: 124