• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Доллардын баасынын өсүшү. Улуттук банк билдирүү таратты

19 Тогуздун айы 2023 9:31 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы валюта рыногундагы кырдаал боюнча билдирүү таратты.

Маалыматта айтылгандай, учурда ички валюта рыногундагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу сакталып турат жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүү тенденцияларын, тышкы экономикалык шарттарды эске алуу менен өнүгүүсүн улантууда. 

«Акыркы убакта биздин өлкөнүн ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына болгон сунуштан суроо-талаптын бир аз өсүшү байкалган, бул алмашуу курсунун кыска мөөнөттүү өзгөрүлмөлүү болушуна алып келген. Мындай тенденция өлкөнүн экономикасы үчүн мүнөздүү көрүнүш, ал сезон учурунда суроо-талаптын экономикалык жактан активдүү фазасы: жылдын төртүнчү чейрегинде керектөөнүн жана тиешелүү импорттун өсүшүнө байланыштуу.  

Улуттук банк чет өлкө валютасынын сомго карата алмашуу курсу ички валюта рыногунда эркин түзүлөрүн жана валютага болгон суроо-талап менен сунуштун негизинде аныкталарын эскертет. 

2023-жылдын башынан тартып АКШ долларынын сомго карата расмий курсу 4,25% өсүп, 2023-жылдын 18-октябрына карата бир АКШ доллары 89,3200 сомду түздү. 

Улуттук банк ички валюта жана тышкы финансы рынокторундагы кырдаалга дайыма мониторинг жүргүзүп турат, зарыл болгон учурда акча-кредит саясатында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тиешелүү чараларды көрөт», — деп маалымдады Улуттук банк.

Количество просмотров: 573