• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Дордой-Дыйкан» базарынын соодагерлери митингге чыгышты. Салык кызматы эмне дейт?

9 Үчтүн айы 2023 13:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-январда Бишкектеги «Дордой-Дыйкан» базарынын соодагерлери митингге чыгышты.

Маалыматка караганда, «Дордой-Дыйкан» дүң азык-түлүк базарында электрондук товар-транспорт коштомо кагазын (электронная товаротранспортная накладная) колдонуу талабы коюлгандыктан товар келбей жатат.

Ишкерлердин айтымында, жеткирүүчүлөр рынокко электрондук товар-транспорт коштомо кагазы жок товарларды берүүдөн баш тартышат. Алар түшүндүргөндөй, аны колдонуу үчүн виртуалдык кампаны башкара турган бухгалтерди жалдоо керек.

Салык кызматынын өкүлдөрү Бишкектеги “Дордой-Дыйкан” базарында нааразылык билдирип чыккан соодагерлер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

«Электрондук-товардык жүгүртүүнү эмне үчүн жана кантип колдонуу керектигин соодагерлерге түшүндүрүп жатышат. Эң негизгиси – ачыктык жана айкындуулук болсун деп жатабыз. Себеби көп ишкерлер 1-2 миң сомго патент сатып алып коюп, 30-40 миллион сомго товар сатып, өкмөттү алдап келишкен. Аны биз далилдей албай калган учурлар бар. Эми электрондук-товардык жүгүртүү болгондо ишкерге товар келгенде биздин базага автоматтык түрдө маалымат түшөт. Бардык салык төлөөчүлөр бирдей төлөшү керек. Мүмкүн салык төлөөчүлөр үчүн айрым көйгөйлөрдү жаратышы ыктымал, бирок 1-2 айда көнүп, ушул система менен иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 540