• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Доскул Бекмурзаев кызматынан бошотулду

3 Тогуздун айы 202217:03 Бишкек Govori.TV

Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. «Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде Бекмурзаев Доскул Жумагулович энергетика министри кызматынан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголгондугун билдирген.

Количество просмотров: 457