• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дыйкан-фермерлерге 3,7 млрд. сом жеңилдетилген насыя берилди

1 Баш оона 202511:26 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө «Айыл чарбасын каржылоо-13» долбоорунун алкагында 5 945 дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, каржылоонун көлөмү 3 млрд 721 млн 674 миң сомду түздү.

Анын ичинен «өсүмдүк өстүрүү» категориясы боюнча жалпы 436 млн 319 миң сомго 890 насыя берилди. Банктар боюнча алганда:

  • «Айыл Банк» ААК аркылуу 214 893 миң сомго 447 насыя;
  • «Элдик Банк» ААК аркылуу 221 млн 426 миң сомго 443 насыя.

«Мал чарбачылык» боюнча жалпы 3 млрд 29 млн 816 миң сомго 4917 насыя берилди:

  • «Айыл Банк» ААК аркылуу 1 млрд 264 млн 199 миң сомго 2042 насыя;
  • «Элдик Банк» ААК аркылуу 1 млрд 765 млн 617 миң сомго 2875 насыя.

«Сууну үнөмдөөчү технологиялары» боюнча 16 млн 900 миң сомго 23 насыя берилди:

  • «Айыл Банк» ААК аркылуу 12 млн 200 миң сомго 17 насыя;
  • «Элдик Банк» ААК аркылуу 4 млн 700 миң сомго 7 насыя.

«Лизинг» боюнча жалпы 238 млн 639 миң сомго 115 насыя берилди:

  • «Айыл Банк» ААК аркылуу 183 млн 998 миң сомго 91 насыя;
  • «Элдик Банк» ААК аркылуу 54 млн 641 миң сомго 24 насыя.
Теги:
Количество просмотров: 165