Бош калган Алтынай Өмүрбекованын ордуна эки депутат ат салышат. Бул тууралуу govori.tv агенттигине парламенттеги булактар билдирди.
Алар “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов жана “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев.
Сайдулла Нышанов лидери Өмурбек Текебаев камакта отурганына карабай, Алмазбек Атамбаевдин колунан сыйлык алганы жана Атамбаевге кыргыз элинин баатыры деген наам ыйгаруу демилгесин көтөрүү менен белгилүү болду.
Ал эми Курманбек Зулушев тууралуу “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмурбек Бабановду кетирип, ордуна лидер болот экен деген маалыматтар тараган.