• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйыны өттү

20 Баш оона 2021 18:05 Бишкек Govori.TV

Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Ага Армения, Беларусь, Казакстан жана Россиянын премьер-министрлери катышты. 20-августта өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны кеңейтилген форматта өтүп, күн тартибинде уюм ичиндеги соода кызматташтыгы, төлөмдөр жана башка маселелер талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында соода-сатык жаатында жаралган тоскоолдук маселесин көтөрдү.

Ал эми Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин  Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдү интеграциянын ишин илгерилетүү үчүн бирдиктүү санарип мейкиндигин түзүүгө чакырды.

Жыйындан кийин сөз сүйлөгөн Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн соода-экономикалык мамилелеринде оң тенденция байкалып жатканына токтолду.

Ошол эле учурда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Марипов дагы өлкөнүн ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүргүзүү көлөмү 5 айда 34,7%га өскөнүн баса белгилеп, Евразия экологиялык форумун Ысык-Көлдө өткөрүүнү сунуштады.

Евразия экономикалык биримдиги 2015-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө анын курамында Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россия бар. Ал эми байкоочу өлкөлөр Өзбекстан жана Куба.

Бүгүн өкмөт аралык кенештин кеңейтилген отурумунда 20 чакты маселе талкууланып, жыйынтыгында 16 документке кол коюлду. Кошумчалай кетсек, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенине быйыл 6 жыл толду.

Количество просмотров: 451