• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ЕАЭБ өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны кеңири курамда башталды

26 Баш оона 2022 10:45 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кезектеги жыйыны кеңири курамда башталды.

ЕӨАКтин отурумуна КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, ошондой эле ардактуу мейман катары Азербайжандын премьер-министри Али Асадов катышууда.

Мындан тышкары, жыйынга Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович да катышып жатат.

Отурумга министрлер кабинетинин төрагасы, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин төрагасы Акылбек Жапаров төрагалык кылууда.

Жыйындын күн тартибинде интеграциялык бирикме үчүн жалпы газ рыногун түзүү, өнөр жай кооперациясын каржылоо, алкоголдук рынокту жөнгө салуу, Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү маселелери бар.

Белгилей кетсек, отурумдун алкагында КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын биринчи форуму өтүп жатат, ага КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 200дөн ашык адам катышууда.

Эске салсак, күн мурун, 25-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйыны өткөн.

Количество просмотров: 131