• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ЕАЭБге кошулуу боюнча Өзбекстандан расмий түрдө арыз түшө элек

11 Бирдин айы 2020 10:19 Бишкек Govori.TV

Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кошулуу боюнча Өзбекстандан же башка мамлекеттерден расмий түрдө арыз түшө элек. Бул тууралуу «Россия сегодня» агенттигине Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин билдирди.

Анын айтымында, Ташкентте айрым ишкерлер ЕАЭБге кошулуунун пайдалуу жактарын белгилеп келишет.

– Өзбекстандык өнөктөштөр биз менен байланышкан учурда Өзбекстандын ЕАЭБге кошулушу талашсыз түрдө пайдалуу экенин тастыкташууда: товарлардын бирдиктүү рыногуна, жумуш күчүнө, кызмат көрсөтүүгө жана капиталга жол ачылат, мындан тышкары биримдиктин технологиялык, транзиттик-транспорттук жана инвестициялык дарамети бар, –деген дипломат.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев январдын аягында өлкө ЕАЭБде байкоочу макамын алууга даяр экенин билдирген.

Александр Панкин бул кадам Өзбекстандын уюмдун толук кандуу мүчөсү болушуна жол ачат деп эсептейт.

Өзбекстандын ЕАЭБге кошулуу ыктымалдуулугу өзбек коомчулугу арасында кызуу талкуу жаратууда.

Ташкентте ЕАЭБдин катарынан орун алуу көз карандысыздыкка коркунуч алып келиши мүмкүн деп эсептегендер да бар.

Количество просмотров: 61