• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Эгемендүүлүк күнүнө карата салют атылып, элдер аянтка жыйылды (видео)

1 Аяк оона 2020 10:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгына карата Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында майрамдык салют саат 22:00до атылды.

Эгемендүүлүк майрамынын салтанаттуу бөлүгү 31-августта эртен менен “Ала-Тоо” аянтында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда онлайн өтүп, ага эл чогулган эмес. Бирок, кечкээ маал жарандар Ала-Тоо аянтына өздөрү чогулуп алышкан.

Бишкек шаардык мэриясы жалпы шаардык жасалгалоо иштерине, иш-чараларга жана фейерверкке 2 миллион 700 миң сом сарпталганын маалымдаган.

Количество просмотров: 179