• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эгемендүүлүк күнүнө карата негизги майрамдык иш-чаралар быйыл кайда өтөт?

21 Баш оона 202516:25 Бишкек Govori.TV

31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата негизги майрамдык иш-чаралар Жалал-Абад облусунда өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, Жалал-Абад шаарынын эски аянтында күндүзгү концерттик программалар уюштурулат.

Ошондой эле 30-31-август күндөрү Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында төкмө акындардын эл аралык айтышы болот.

Мындан тышкары, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратынын ачылышына карата мамлекет башчысынын жана өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда кечки чоң концерттик программа өтөт.

Министрликтен майрам жакындаганда дагы кошумча маалыматтар берилерин айтышты.

Количество просмотров: 169