• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эки акча алмаштыруу бюросунун лицензиясы токтотулду

2 Бирдин айы 202610:09 Бишкек Govori.TV

 Бишкек шаарында эки акча алмаштыруу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн төмөнкү алмашуу бюролоруна чара көрүлгөн:

  • “Обменсити” ЖЧК алмашуу бюросунун (Бишкек шаары, Москва көчөсү 86Б, 1-кеңсе) лицензиясы 2026-жылдын 31-январынан 9-февралына чейин токтотулду;
  • “Ават Финанс” ЖЧК алмашуу бюросунун (Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 182) лицензиясы 2026-жылдын 31-январынан 14-февралына чейин токтотулду.

Улуттук банк мындай чаралар каржы рыногундагы тартипти жана мыйзам талаптарын сактоо максатында көрүлөрүн белгиледи.

Количество просмотров: 117