Улуттук банк Бишкектеги эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту.
Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, КР мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети 3-октябрдан тартып 17-октябрды кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду:
Ошондой эле КР мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2-октябрдан тартып Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150 № 6 дареги боюнча жайгашкан «Мурас и Ко» алмашуу бюросу ЖЧКнын нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 21-октябрындагы № 6380 лицензиясы кайтарылып алынды.