Иммунизациядан кийинки терс көрүнүштөрдү иликтөө боюнча эксперттик комиссия Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүндө аялдын өлүмүн иликтөөдө. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан маалымдашты.
Белгилей кетсек, буга чейин маалымат каражаттары 1975-жылы туулган Н.И., аттуу жаран коронавируска каршы эмдөөдөн кийин каза болгонун анын туугандарына таянуу менен жазышкан. Маалымат боюнча, маркумга 19-июлда борбордогу №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунда эмдөө жүргүзүлүп, абалы начарлагандан кийин, 20-июлда БНИЦТиО ооруканасына жаткырылган. Ал бүгүн көз жумган.
Токсикология бөлүмү бейтаптын каза болгонун тастыктады, бирок тергөө жүрүп жатканын баса белгиледи.
«Өлүмдүн себептери жөнүндө айтуу эрте. Азыр Улуттук эксперттик комиссия тергөө иштерин жүргүзүү үчүн чогулуп жатат. Азырынча бул иш боюнча эксперттердин корутундусунан кийин гана сөз кылса болот», — деп айтылат маалыматта.