• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эл аралык бокс ассоциациясы Мунарбек Сейитбек уулуна 50 миң доллар тапшырды

9 Бештин айы 202411:04 Бишкек Govori.TV

Эл аралык бокс ассоциациясы (IBA) кыргызстандык боксчу, Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулуна 50 миң доллар тапшырды.

Маалым болгондой, Дубайда өткөн Глобалдык бокс конгрессинде IBAнын президенти Умар Кремлев Олимпиаданын медаль ээлерин сыйлап, алардын эл аралык аренадагы жетишкендиктерин белгиледи.

Белгилей кетсек, Мунарбек Сейитбек уулу эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимп оюндарынан бокс боюнча күмүш медаль алган алгачкы спортчу.

Количество просмотров: 140