• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Эл аралык каттамдар жанданууда

10 Баш оона 2020 14:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамын жандандырды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

«4 мамлекеттин авиакомпаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарынын авиакомпаниялары менен туруктуу аба каттамдарын жандандаруу боюнча макулдашдык», — деди Акышев.

Ошондой эле Акышев эл аралык аба каттамдары жандана баштаганына байланыштуу өкмөт кыргызстандыктардын чек арадан чыгуусуна уруксат берген буйрукту иштеп чыкканы жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу март айында Кыргызстан чек арасын жаап, каттамдар токтогон болчу.

Количество просмотров: 183